• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сулуу болуунун жөнөкөй ыкмалары

Дүр дүйнө 0

Кайсыл эле аялзаты сулуу болууну каалабасын?! Ошондуктан, учурда сулуулукка арналган түрдүү продукциялар, сапаттуу жана сапатсыз болсо да айымдардын көптөгөн акча-каражатын шамалга чачуусуна алып келүүдө. Бирок алардын баарынын эле пайдасы барбы же жокпу, аны биле бербейбиз.

Бактыбызга жараша күн сайын жөнөкөй кам көрүүгө боло турган, негизги муктаждыктарыбызды канааттандырган сулулук сырлары бар.

Алардын бир канчасын карап көрөлү:

  1. Күнүӊүздү муздаксууга чайкануу (душ) менен баштаңыз.

Суунун өтө муздак эмес, жылуу болгону да жетиштүү. Маанилүүсү сиз үшүшүӊүз керек. Анткени муздак суу күнүӊүздүн жакшы башталуусуна чоң таасир берет. Ал кандын жүрүшүн жакшыртат, теринин өӊүн оӊолтот, буттун ооруганын басат, варикоз тамырларынынкан айлануусун шарттайт жана теринин сыйдам болуусуна көмөктөшөт.

  1. Көздүн астындагы шишиктен арылабыз

Бул көрүнүш көпчүлүктүн тынчын алат.Эртең менен күзгүдөн өзүн көргөн кишинин маанайы түшүрөт. Албетте, түрү чарчаӊкы болуп турган адам кантип өзүн бактылуу сезмек эле.

Бул үчүрда эмне кылуу керек. Муздаткычка 2 кашыкты коюп 10 мүнөт күтүңүз. Ошол эле учурда бадыраңды кесип көздүн айланасына коюңуз. Ал кандын айлануусун кыймылына келтирип,терини жакшыртат. Он мүнөт өткөндөн кийин муздак кашыктарды көздүн астынабасыӊыз. Бул ыкманы 5 ирет кайталасаӊыз көзүӊүз жаркырап чыга келет.

  1. Бетти кантип агартууга болот?

Кээде күзгүдөн өзүӊүздү чарчаган, жагымсыз көрөсүз. Мындан кантип кутулса болот?

Ашказаныңыз ооруганда, чарчаганыңызда ромашка чайын ичкен пайдалуу. Чай териге ачык түс берет, жандантырат, нымдуулук тартуулайт.

Ромашка чайын кантип даярдоо керек?

Чайнекте бир чыны чайды кайнатабыз. Ичине 2 пакет ромашка салып койгондон кийин демделүүсүн күтүңүз. Муздагандан кийин тоник сыяктуу бетинизге коюңуз. Бир аз күтүп анан суу менен чайкаӊыз.

  1. Туура тамактануу жана витаминдер

Жакшы тамактануунун да бетке пайдасы бар экенин унутпаңыз. Ошондуктан азыктанууда С жана Б витамини бар жемиштерди колдонуу сунушталат. Булар апельсин, лимон, грейпфурт ширеси, ананас, киви, кулпунай. Туура тамактануу, сулуулук жолундагы маанилүү элемент экендигин эсиӊизден чыгарбаӊыз.

  1. Эртең менен турганда оозуңуз жаман жыттанабы?

Эгер сиз жуунганга жетишпей жатсаңыз, 5 мүнөт ичинде жалбыз жалбырагын чайнасаңыз болот. Бүл өсүмдүк ооздогу бактерияларды жок кылып, демдин жаман жытынан арылууга жардам берет.

  1. Кадимки вазелиндин пайдалары.

Биз вазелинди кол, бут, ооз жарылганда колдонобуз. Ал вазелиндин биз билбеген бир канча пайдасы да бар. Алар: көздүн айланасына сүйкөлсө, көздүн жанындагы бырыштарды азайтат. Эринге сүйкөлсө, кызыл түс берет. Чачка сүйкөлсө, анын калыӊ болушун камсыздайт. Андан тышкары, терини нымдандырууда мыкты каражат болуп эсептелет. Сагыз жабышкан жерлерге сүйкөсөңүз, андан оӊойкутулууга болот.

Даярдаган Гүлнара Тажиханова

Пикир

Оставить комментарий