• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сулуулар сынагында жеңип чыккан бийкеч сахнада эси ооп жыгылды

Дүйнө 0


Бишкек, 27.10.18. /Кабар/. Miss Grand International сынагынын жеңүүчүсү, парагвайлык Клара Соса сулуулар сынагында аны жеңүүчү деп айтышканда сахнада эси ооп жыгылган, - деп маалымдайт ABS-CBN News каналы.

Болгон окуя тууралуу видео YouTube каналында жарыяланган. Анда сынактын эки катышуучусу кол кармаша бет мандай туруп, калыстар тобунун жыйынтыгын күтүп жатышкандыгын көрүүгө болот. Сосаны жеңүүчү деп айтышканда кыз эсин жоготуп, сахнада кулап калган.

Бир нече убакыттан кийин ал өзүнө келип, таажысын кийген.

Пикир

Оставить комментарий