• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сулуулук курмандыкты талап кылат: Кирпикти көп өстүргөндөргө бат бырыш түшөрүн билчү белеңиз?

Дүр дүйнө 0

Көчөгө чыксаң ар бир бешинчи кыздын жасалма же өстүрүлгөн кирпигине көзүң түшөт. Албетте, сулуунун көркү – көзүндө демекчи, узун кирпиктер көзгө өзгөчө көрк берип, кыздардын жүзүн заматта өзгөртөт. Бирок сулуулук курмандыкты талап кылат, анын кесепеттери, зыяны пайдасынан көп экенин билчү белеңиз?

Бетке бырыш түшүүсүн тездетет

Кирпик өстүрүү үчүн мастерге жылына бир жолу баруу – нормалдуу көрүнүш. Бирок эгерде сиз дайыма кирпигиңизди өстүрүп жүрөм десеңиз, бетиңизге бырыштардын эрте түшөрүн унутпаңыз.

Аллергиялык реакция

Кирпик өстүрүү үчүн колдонулган клейдин курамындагы чайыр аллергияны чакырышы мүмкүн. Тажрыйбалуу мастерлер буга жол бербейт деңизчи, бирок организмдин клейге болгон реакциясы жаман эмес экенине ишенүү үчүн аны алдын ала тестирлөөдөн өткөрүү керек.

Алсыз табигый кирпиктер

Профессионалдар өзүнүн кирпиктери жаратылыштан ичке жана алсыз болгон адамдарга жасалма кирпик өстүрүүнү сунушташпайт. Себеби өстүрүлгөн кирпиктер кошумча жүк болот. Анын натыйжасында организм жат материалдардан, анын ичинде өзүнүн кирпиктеринен толугу менен арылууга аракет жасайт. Өзүңүздүн кирпигиңизден кол жууп калбоо үчүн кирпик өстүрүү процедурасынын алдында алгач табигый кирпигиңизди бекемдөө зарыл.

Линзалар

Заманбап байланыш линзаларын колдонгон адамдарга башкаларга салыштырмалуу аз убакыт кирпик өстүрүп жүрүү сунушталат. Себеби дайыма линза тагынып жүргөн адамдар көзүнө бат баттан тийгенде жасалма кирпиктер жабыркайт.

Андан тышкары көзү бат кызарып кеткен же көзгө байланыштуу башка көйгөйлөрү бар кыздар жасалма кирпик өстүрбөй эле койгону оң. Себеби мындай учурда кирпик өстүрүү конъюнктивиттин кайталанышына алып келет.

Жасалма кирпик өстүргөндөргө эмнелерди жасоого болбойт?

  • Көздү сүртүп, жасалма кирпиктерге бат баттан кармоого болбойт. Байланыш линзаларын дайыма тагынган адам аны абайлап колдонуусу керек.
  • Эрте менен жана кечинде жуунуп жатканда самындын эч бир түрүн колдонбоо зарыл. Атайын профессионалдык сүт же жуунуу үчүн лосьон колдонгонуңуз туура болот.
  • Көздүн тегерегине өтө майлуу бет май сүйкөөгө тыюу салынат.
  • Дайыма эле жаздыкка бетти коюп уктоого болбойт, кирпиктер бат түшүп калышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий