• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Сулуулук салону кардарга сапатсыз кызмат көрсөткөндүгү үчүн 50 миң сом кайтарып берген

Коом 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Сулуулук салону кардарга сапатсыз кызмат көрсөткөндүгү үчүн 50 миң сом кайтарып берди, деп билдирет Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматы.

Маалыматка ылайык, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына Е.В.Г. аттуу жаран анын керектөөчүлүк укугун коргоого көмөк көрсөтүү тууралуу арызы менен кайрылган.

Анда Е.В.Г. липоредукция кызматынан пайдаланганы, бирок акырындагы жыйынтык салон тарабынан жарнамаланган маалыматтарга дал келбей тургандыгы көрсөтүлгөн.

Ошентип, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы КРнын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алуу менен тараптардын катышуусунда териштирүү жүргүзүп, натыйжада “В S” салону Е.В.Г. аттуу жаранга 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын кайтарып берген.

Аталган мыйзамга ылайык, сатуучу (аткаруучу) керектөөчүгө сапаты жана саны келишимге ылайык келген товарды берүүгө милдеттүү.

Белгиленгендей, муну менен керектөөчүнүн талаптары канааттандырылган.

Пикир

Оставить комментарий