• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сума Чакрабарти Өзбекстандын президентинин кеңешчиси болот

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР) мурдагы президенти Сума Чакрабарти Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин экономикалык өнүгүү, эффективдүү башкаруу жана эл аралык кызматташтык маселелери боюнча кеңешси болуп дайындалат. Бул тууралуу Сума Чакрабарти “Твиттердеги” баракчасына жазды.

«Реформалар программасын иш жүзүнө ашырууга жардамдашууну чыдамсыздык менен күтүп жатам», – деген ал.

Чакрабарти мындан тышкары Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевге экономикалык өнүгүү жана эффективдүү башкаруу маселелери боюнча кеңешчи болуп дайындалганын да кабарлады.

Сума Чакрабарти ЕБРРди 2012-жылдан 2020-жылга чейин жетектеген. Ага чейин (2002-2007-жылдары) Улуу Британиянын Юстиция министрлигинде жана Эл аралык өнүгүү департаментинде иштеген.

Быйыл июль айында Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев ЕБРР менен Өзбекстан ортосундагы стартегиялык өнөктөштүктү жолго коюудагы жана көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүүдөгү салымы үчүн Суму Чакрабартини «Дустлик» ордени менен сыйлаган.

Пикир

Оставить комментарий