• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сумочулар ДКОдо – мелдешдердин ачылыш аземи

ДКО 2018 0


Чолпон-Ата, 05.09.18. /Кабар/. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданында сумо боюнча мелдештердин ачылыш аземи болду.

КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиевдин айтуусунда, мелдештерге 20 өлкөдөн 20 спортчу катышат - Венгрия, Өзбекстан, АКШ, Украина, Россия, Пакистан, Монголия, Индия, Казакстан, Австралия, Кыргызстан, Азербайжан, Молдавия жана Япония.

Ысык-Көлдө аба ырайы ачык, андыктан сумочулардын сыртта мелдешкенге мүмкүнчүлүктөрү бар.

Сумо федерациясынын президенти Айбек Чекошев билдиргендей, Кыргызстанда спорттун бул түрүнө өзгөчө көңүл бурула баштады.

“Сумо күрөштүн түрү катары өлкөдө 90-жылдары эле пайда боло баштаган, арада унутулуп калган да учурлар болду. 2000-жылдардан тарта кайрадан жанданды. Ушул учурга чейин биздин спортчулар чемпионаттарда 5 коло медаль жана ар кандай турнирлерде көптөгөн байгелерди багындырышкан”, - деп билдирип, ДКОдон кийин спортчулар Ысык-Көл оюндарында катыша тургандыктарын кошумчалады

Пикир

Оставить комментарий