• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Sunday Times: Оксфорд университетинин коронавируска каршы вакцинасы даяр болду

Дүйнө 0

Бишкек, 28.12.20. /Кабар/. Оксфорд университетинин окумуштуулары AstraZeneca корпорациясы менен биргеликте иштеп чыккан коронавируска каршы вакцина Улуу Британияда 4-январдан тартып жайылтыла башташы мүмкүн. Бул тууралуу Sunday Times гезити британ өкмөтүндөгү өз булактарына таянып билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, жыл соңуна чейин өлкө бийлиги вакцинаны жактырышы керек.

Алгач Оксфорд вакцинасы COVID-19га каршы эмдөө каражатын иштеп чыгуу боюнча «дүйнөлүк жарышта» лидер саналып келген. Бирок сыноонун үчүнчү баскычында анын натыйжалуулугу атаандаштарына салыштырмалуу кыйла төмөн экени аныкталган. Мындан соң окумуштуулар анын натыйжалуу боло турган түрдүү өлчөмдөрүн сынай башташкан.

AstraZeneca корпорациясынын башчысы Паскаль Сорио гезитке берген маегинде вакцинанын натыйжалуулугу 95% түзгөн өлчөмүн аныктоого мүмкүн болгонун билдирди. Анын айтымында, препарат жактырылса ал атаандаш башка вакциналарга салыштырмалуу бир нече артыкчылыктарга ээ болот — баасы кыйла арзан туруп, аны Moderna менен Pfizer вакциналарындай -20, -70 градуста эмес, -2, -7 гана градуста сактоого мүмкүн болот.

Бүгүнкү күндө АКШда Pfizer жана Moderna, Орусияда «Спутник V» жана «ЭпиВакКорона», Европа биримдиги менен Улуу Британияда Pfizer вакциналары катталса, Кытайда жергиликтүү препараттар менен эмдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, 28-декабрга карата дүйнөдө дээрлик 80,7 миллион кишиге коронавирус жугуп, 1 миллион 764 миң бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий