• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Сунгоркин: Басма сөз каражаттарынын келечеги тууралуу айтуу кыйын

Коом 0

Бишкек, 12.09.18 /Кабар/. Минскте ачылган “Келечек үчүн өнөктөштүк: медиамейкиндик үчүн санариптик күн тартиби” XIII Беларус эл аралык медиа форумунда “Комсомольская правда” гезитинин башкы редактору Владимир Сунгоркин басма сөз ЖМКларынын келечеги боюнча меселени козгоду.

Анын айтымында, басма сөз каражаттарынын келечеги тууралуу айтуу кыйын.

“Эгер мындай басма сөз ЖМКларын жетиштүү каражаттар менен каржылабаса, алардын таасири жоголот”, - деди ал.

Ал Россиянын гезити үчүн 300 миллион рубль жетпей турганын белгиледи.

“Мисалы, “КП” сайтынын интернеттеги 4 миллиондук аудиториясын сактап калуу үчүн редакция 1 миллиард рубль сарпташы керек. Антпесе сайттын окурмандарын жана колдонуучуларын кармап калуу мүмкүн эмес”, - деди Сунгоркин.

Эске салсак, Минскте дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн 300дөй өкүл катышып жаткан “Келечек үчүн өнөктөштүк: медиамейкиндик үчүн санариптик күн тартиби” XIII Беларус эл аралык медиа форуму ачылды.

Пикир

Оставить комментарий