• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутат спирт ичимдиктерин "Манас" деп атоого тыюу салууну сунуштоодо

Коом 0

Бишкек, 14.01.19 /Кабар/. Депутат Тазабек Икрамов спирттик ичимдиктерди "Манас", "Семетей", "Сейтек" деп атоого тыюу салууну сунуштоодо. Анын демилгеси менен "Манас" эпосу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган.

Долбоордун маалымкат-негиздемесинде берилгендей, мыйзам долбоору менен алкоголдук продукциянын аталышында улуттук баатырлардын, айрыкча "Манас" эпосунун оң образдагы баатырларынын ысымдарын пайдаланууга тыюу салуу сунуш кылынат.

"Манас" эпосунун үчилтиги чыгармачылыктын дүйнөлүк шедеврлеринин арасында өзгөчө орун ээлейт жана дүйнөлүк маданияттын бермети, бардык этностордун жана улуттар аралык ынтымактын толеранттуулук идеяларын бекемдеген, кыргыздардын тарыхын, философиясын, дүйнө таанымын жана руханий маданиятын камтыган, атуулдукту, достукту, руханий эркиндикти даңазалаган жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана чыңдалышына жаратмандык ролду ойногон кыргыз элинин кайталангыс эпикалык мурасы болуп саналат, деп айтылат мыйзам долбоордун маалымкат-негиздемесинде.

Азыркы учурда биздин ыйык баалуулуктарыбызга мамиле кылууда республиканын тарбия берүү түзүмдөрүндө иштерди жүргүзүү, идеологиянын жана калктын аң-сезиминин деңгээлин көтөрүү зарылдыгы келип чыкты.

Жогорку Кеңешке бир нече жолу коомдук фонддордун жетекчилеринен, жана ошондой эле манасчы-айтуучулардан мектепке чейинки жана мектептерде билим берүү программаларынын чегинде эпосту окутуу жана жайылтууну күчөтүү жөнүндө, ошондой эле “Манас” эпосунун оң каармандары болгон баатырлардын аттарын, алкаголдук ичимдиктерди жана тамеки продукцияларын чыгарууда колдонууга тыюу салууну киргизүү сунушталган.

Алкоголдук ичимдиктердин аттары аркылуу адамдарда караманча башка баалуулуктар үстөмдүк кыла баштады.

Чындыгында, алкоголдук ичимдиктерди колдонуу көп элдердин салтына кирген жана элдер бүгүн кайсы себептерде зарыл жасоо керектигине эң эле көп шылтоолорду табышат.

Алкоголдук ичимдик-бул көптөгөн оорулардын, эки жүздүүлүктүн, тарбиясыздыктын, таланттардын талкаланышынын, максатсыз конфликттердин жана жакырчылыктын, өлтүрүүгө чейинки баруунун себеби.

Адамдын акыл-эсин жана инсандыгын, адамдын органдарын жана бардык тканьдарын тез арада талкалаган, миллиондогон жаш адамдардын ден соолугун өжөрлүк менен аеосуз бузган жана эрте өлүмгө алып келген алкоголдук ичимдиктен өткөн зыянды табуу кыйын.

Мамлекет калк арасындагы алкаголдук ичимдиктер жана тамеки тартуулар менен активдүү күрөшүүдө.

Бирок, алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки продукцияларын чыгарган компаниялар, өздөрүнүн продукцияларынын аттарына улуттук баатырлардын аттарын көп колдонуп келишет.

Ошентип, ден соолукка зыяндуу заттын бети сатып алуучулар жана колдонуучу жарандар үчүн авторитеттүү мааниси бийик белгилүү бир инсандын образы менен чүмбөттөлүп оң образга алмаштырылган.

Алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки продукцияларынын аталыштары жаштардын идеологиясын өзгөртөт жана алар өздөрүнө эч кандай тарбиялык максаттарды көздөбөйт.

Сатып алуучулардын аң-сезимине мындай моралдык-абийирсиздик таасир тийгизүүлөрдү жок кылуу максатында, алкоголдук ичимдик заттарынын аталышына улуттук баатырлардын, айрыкча “Манас” эпосунун оң образдагы баатырларынын ысымдары менен атоого тыюу салуу сунушталууда.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорун кабыл алууда эч кандай социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендерлик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

Ушул долбоор мамлекеттик бюджеттен эч кандай кошумча финансылык сарптоолорду талап кылбайт жана КР укуктук ченемдик актыларына ылайык келет, юридикалык талаптардын техникасына ылайык даярдалды.

Мыйзам долбоору жөнгө салуунун жүгүн көбөйтүүгө багытталбагандыктан, жөндөө таасирин талдоону талап кылбайт.

Коомдук талкууларды камсыз кылуу жана "КР ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 22-беренесин ишке ашыруу үчүн, ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылган. Коомдук талкуулардын жыйынтыгы боюнча сын-пикирлер сунуштар келип түшкөн жок.

Пикир

Оставить комментарий