• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Супара” этно комплексинде өрт чыгып, жаңы имарат жана боз үйлөр күйүп кетти

Кырсык 0


Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. Көк-Жар айылынын Карагул-Акмат көчөсүндө жайгашкан “Супара” этно комплексинде өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт 18-сентябрда болжол менен түнкү саат 02:05тер чамасында катталган. Алдын ала маалыматтарга караганда жабыркагандар жок.

Өрт саат 03:24тө чектөөгө алынып, таңы саат 06:46да толугу менен өчүрүлгөн.

“Өрттүн кесепетинен жаңы курулуп жаткан имарат жана 6 боз үй күйүп кеткен”, - деп кабарлашты ӨКМ кызматынан.

Тилсиз жоону өчүрүү үчүн жалпысынан 6 өрт бөлүмү тартылган, мындан сырткары ИИМдин кызматкерлери, РЭТ кызматынан 1 бригада жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Пикир

Оставить комментарий