• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Супарадагы” өрттүн болжолдуу себеби айтылды

Кырсык 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. “Супара” этно комплексинде чыккан өрттүн болжолдуу себептеринин бири электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыгышы мүмкүн.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда өрттүн так себеби КР ӨКМдин лабораториясында такталууда.

Эске сала кетсек, 18-сентябрда саат 02:05тер чамасында Көк-Жар айылындагы “Супара” этно комплексинде өрт чыккан. Жабыркагандар жок. Тартылган күчтүн жардамы менен өрт саат 03:24тө чектөөгө алынып, таңкы саат 06:46да толугу менен өчүрүлгөн. Алдын ала маалыматка караганда, өрттөн 1000 чарчы метр аянт күйүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий