• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сурабалдиева COVID-19 боюнча илимий-консультативдик кеңештин мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 30.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева (COVID-19) коронавирус инфекциясы боюнча илимий-консультативдик кеңештин мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Аталган Кеңеш Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча консультативдик, илимий-аналитикалык жана методологиялык көмөк көрсөтүү жана көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу максатында түзүлгөн.

Кеңешменин жүрүшүндө саламаттык сактоо тутумунун өлкөдөгү коронавирус инфекциясынын жайылышынын ыктымалдуу үчүнчү толкунуна карай даярдыгына байланыштуу маселелер талкууланды.

Саламаттык сактоо миистринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргыз Республикасындагы COVID-19 негизги чакырыктары тууралуу баяндама жасады жана көйгөйдү чечүүнүн жолдоруна токтолду.

Ошондой эле КММА проректору жана эпидемиолог Гүлмира Жумалиева оорунун алдын алуу маселеси боюнча баяндама жасады.

Вице-премьер-министрдин м.а. Эльвира Сурабалдиева мамлекеттик, муниципалдык органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын коронавирус инфекциясына каршы туруу, ошондой эле финансы, гранттык жана гуманитардык көмөктү натыйжалуу пайдалануу маселесиндеги ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишинин жүрүшүндө чыгарылган негизги жыйынтык жана сунуштамаларды эске алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Саламаттык сактоо уюмдарынын коронавирус инфекциясынын ыктымалдуу үчүнчү толкунуна толук даярдыгын камсыздоо зарыл, мында негизги жана резервдик орундарды даярдоо, медкызматкерлерди COVID-19 алдын алуу жана дарылоого үйрөтүү жана кайрадан окутуу, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасын түзүү керек», - деп белгиледи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Мындан тышкары, Эльвира Сурабалдиева келечекте калкты коронавирус инфекциясынан вакцинациялоо маселеси боюнча иш улантылышы керектигине басым жасады.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине саламаттык сактоо тутумунун коронавирус инфекциясынын жайылышынын ыктымалдуу үчүнчү толкунуна карай толук даярдыгын камсыздоо тапшырылды

Пикир

Оставить комментарий