• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Сурабалдиева Казакстандан келген гуманитардык жүктү кабыл алуу иш-чарасына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Казакстан Республикасынан келген гуманитардык жүктү кабыл алуу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атынан Казакстан Республикасынын президентине жана Казакстан Республикасынын премьер-министрине көрсөтүлгөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирем. Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн атынан өлкөбүз үчүн кыйынчылык кырдаалда көрсөткөн колдоосу чыныгы бир туугандык мамилелердин далили болуп саналат. Бүгүн биз өпкөнү жасалма дем алдыруучу 400 портативдик аппарат жана 2 миллион медициналык беткап түрүндө гуманитардык жардам алдык, алар республиканын медициналык мекмелери ортосунда бөлүштүрүлүп берилет», - деди вице-премьер-министр.

Эльвира Сурабалдиева белгилегендей, мурда казак тарап COVID-19 күрөшүү алкагында бир нече ирет гуманитардык көмөк көрсөткөн. Атап айтканда, азык-түлүк коопсуздугун колдоо иртеинде 5 тонна ун жеткирилиген. Гуманитардык жардамдан тышкары, казак тарап транспорттук коридор ачууга көмөк берип, Кыргыз Республикасынын жарандарынын үчүнчү өлкөдөн кайтып келүүсү үчүн транзитти камсыздап берген.

«Биз казак элинин жардамын жана колдоосун баалайбыз. Эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүк алкагында биргелешкен күч-аракет менен тоскоолдуктарды жеңип өтөрүбүзгө ишенем. Элибизге тынччылык, бакубаттуулук жана өнүгүп-өсүүнү каалайм», - деди вице-премьер-министр.

Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Нурпейисов казак тарап коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча күч-аракетти координациялоого даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий