• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сурабалдиева: Өкмөт аймактагы медициналык мекемелердин абалын жакшыртуу үчүн колдон келген күч-аракетти жумшайт

Өкмөт 0

Бишкек, 07.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аймактагы медициналык мекемелердин абалын жакшыртуу үчүн колдон келген күч-аракетти жумшайт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө билдиргендигин, өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Вице-премьер-министр Панфилов районунун Эркин-Сай айылындагы № 9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мекемесинин абалы менен таанышты. Имаратта капиталдык оңдоо 30 жылдан бери жасала элек, ал эми медициналык мекеме 3 миңге жакын адамга тейлөө көрсөтөт. Бүгүнкү күндө жаңы имараттын курулушу зарыл.

Эльвира Сурабалдиева тармактык мамлекеттик органдарга үстүбүздөгү жылы аталган обьектини «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча республикалык бюджеттен каржыланган обьектилердин тизимине киргизүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.
Вице-премьер-министр айылдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имаратын куруу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле ал Кайыңды шаарындагы Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин донордук каражат эсебинен курулуп жаткан № 1 ҮДТ жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Ал эми ҮДТ учурдагы имаратын медиктер үчүн кызматтык турак-жай катары түзүп чыгуу пландаштырылууда.

Андан соң Эльвира Сурабалдиева Жайыл райондук бириккен аймактык ооруканасына барды, анда 130 миңден ашуун адам тейлөө алат.
Жугуштуу оорулар бөлүмү жана тамак-аш блогу капиталдык ремонтко муктаж.

«Район жана айылдардагы медициналык мекемелердин абалы начар. Айрым мекемелерде 30 жылдан ашуун капиталдык ремонт жүргүзүлгөн эмес. Имараттар эски, көпчүлүгү талаптарга жооп бербейт, ал арада башка мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, биздин жарандар ал жерден дарыланууда. COVID-19 пандемиясы учурунда бул маселелер курч мүнөзгө ээ болуп, чечүүнү талап кылууда. Өкмөт аймактагы медициналык мекемелердин абалын жакшыртуу үчүн колдон келген күч-аракетти жумшайт. Мындан тышкары, медициналык кызматкерлердин социалдык-экономикалык шарттарын жакшыртуу, анын ичинде турак-жай маселесин чечүү иштелип чыгат», - деди ал.

Вице-премьер-министр Сокулук аймактык ооруканасынын, андагы жугуштуу оорулар бөлүмүнүн абалы менен таанышты. Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн эски имаратынын ордуна жаңысын куруу пландаштырылууда.

Эльвира Сурабалдиева Сокулук райондук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна барды. Мекеменин базасында коммуникация тутумдары мезгили менен иштен чыгып туруучу эски имартта 2 лаборатория иш алып барат, лабоораториялар аккредитацияланган эмес. Курулуп жаткан жаңы лабораториялык корпустун ишке киргизилиши менен Чүй облусуна жакын райондорду жана жаңы конуштарды ПЧР-анализ өткөрүү боюнча тейлөө жүргүзө алат.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө вице-премьер-министр саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлери, анын катарында жаш врачтар жана ординаторлор менен жолугушту.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү. Пикир алышуу учурунда саламаттык сактоо тутумундагы актуалдуу маселелердин жыйындысы, анын ичинде медиктерге компенсация төлөө, медициналык мекемелердин инфраструктурасын жакшыртуу жана медиктерди социалдык коргоого алуу маселеси талкууга алынды.

Пикир

Оставить комментарий