• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сурабалдиева: Кыйынчылыкта колдоо көрсөткөн дарыгерлерге жана ыктыярчыларга таазим

Өкмөт 0

Бишкек, 03.11.20. /Кабар/. COVID-19 пандемиясы күч алып турган кыйынчылык учурда мамлекетебизге колдоо көрсөткөн дарыгерлерге жана ыктыярчыларга таазим кылабыз. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Токмок шаардык ооруканасын капиталдык оңдоодон кийин ишке берүү иш-чарасында билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалат.

«Кыйынчылык учурда, өзгөчө, кызыл зонадагы дарыгерлер жана ыктыярчылар бир муштумга биригип, чоң жардам бердиңиздер. Сиздерге мамлекетибиздин атынан чоң ыраазычылык билдирем. Учурда дүйнө жүзү боюнча пандемиянын экинчи толкуну болжолдонууда, эпидемиологдор менен биргеликте күтүлүп жаткан болжолдор, оорунун өнүгүү сценарийлери талданып, анын үстүндө иш алып баруудабыз. Кадимки согуштай эле баатыр жоокерлерибиз – врачтар, аларга жардам берүүчүлөр – ыктыярчылар көзгө көрүнбөгөн душман менен алышууда», - деп билдирди ал.

Вице-премьер-министр белгилегендей, коронавирус илдетинин алдын алуу жана илдетти жайылтпоо максатында алдын-ала даярдыктар көрүлүүдө, Чүй облусу гана эмес, бүтүндөй республика боюнча ооруканалардын даярдыгы текшерилмекчи.

«Учурда дары-дармек каражаттары боюнча запастар, кыска мөөнөткө, алдыдагы 2-3 айга жетиштүү деген маалымат алынууда. Оорукана жетекчилерине дагы бир ирет кайрылып кетем, кызыл зонада иштеген врачтарга дары-дармектер, жеке коргонуу каражаттары жана маскалар жетиштүү болушу керек. Дарыканаларда дары-дармектер жетиштүү болгону менен, оорукананын ичинде иштеп жаткан дарыгерлерге дары-дармек жетишпей жаткан учурлар кездешип жатты. Келечекте республика боюнча толук маалыматты камтыган атайы сайт түзүлүп, анда ар-бир дарыгердин муктаждыгы кандай, дары-дармектер кандай иретте бөлүштүрүлүп жаткандыгын көзөмөлгө алуу пландаштырылууда. Мунун бардыгы мындан ары көзөмөлгө алынат, ачык-айкындык менен иш алып баруу – негизги милдетибиз», - деди Эльвира Сурабалдиева.

Жолугушуунун соңунда вице-премьер-министр Токмок шаардык ооруканасынын аймак боюнча коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдөгү өзгөчө ордун белгилеп, дарыгерлер жамаатынын ишине ийгиликтерди каалап, кандай маселелер болсо тийиштүү органдар менен биргеликте көмөк кылууга даяр экендигин билдирди.

Маалымдама: Токмок шаардык ооруканасы 216 орунга эсептелген, анын капиталдык ремонтуна 45 млн 700 миң сом сарпталган. Имараттын жана откананын эски чатыры жана электр тутумдары алмаштырылган. Мындан тышкары, ички жана тышкы суу түтүктөрү менен канализациясы кайрадан жасалып, саркынды сууларды чогултуучу жай орнотулган. Оорукана тийиштүү эмеректер менен жабдылган.

Пикир

Оставить комментарий