• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сурабалдиева: Милдеттүү медициналык камсыздоо тутумунда бир катар реформаларды жүргүзүү зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Элвира Сурабалдиева Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк кеңсесинде өткөн милдеттүү медициналык камсыздоо тутумун реформалоо жана өнүктүрүү боюнча тегерек столго катышты.

Эльвира Сурабалдиева өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү артыкчылыктарын эске алуу менен медициналык камсыздоо тутумун өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүү, анын ичинде медициналык камсыздоо маселеси эң маанилүү саналат. Милдеттүү медициналык камсыздоо тутумунда бир катар реформаларды жүргүзүү, анын катарында мамлекеттик жана жеке медициналык тейлөөнү аткаруучулар үчүн бирдей шарттарды камсыздоо маселесин иштеп чыгуу зарыл», - деди вице-премьер-министр жана Республикалык ыкчам штаб тарабынан каралуучу актуалдуу маселенин бири катары жеке саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык тейлөөлөрдү көрсөтүүсү жана сатып алуулары саналаарын кошумчалады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Назира Артыкова мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын милдеттүү медициналык камсыздоо тутумун өнүктүрүү боюнча күч-аракетин координациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актуалдуу маселелердин чөйрөсү боюнча мындан ары карай жемиштүү кызматташуусуна ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий