• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сурабалдиева: Ооруканалардын COVID-19дун жаңы штаммына карата даярдыгын камсыздоо зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 03.02.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык абалы жана коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы туруу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар талкууланды.

Вице-премьер-министрдин м.а. Эльвира Сурабалдиева белгилегендей, министрлер кабинетинин жаңы түзүмүндө вице-премьер-министрлердин кызматтары кыскартылууда, буга байланыштуу Республикалык ыкчам штабды убактылуу жетектөө штабдын төрагасынын орун басары – саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучуга өткөрүлөт.

«Ыкчам штабдын бардык мүчөлөрүнө коронавирус инфекциясы пандемиясынын татаал учурунда иш алып баргандыгы үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем. 2020-жыл абдан татаал болду, биздин медиктерибиз мекендештерибиздин өмүрүн жандалбастап сактап жатышты. Алардын эмгеги баа жеткис. Кесиптештер, ар-бириңиздер өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, жарандарыбыздын ден-соолугу жана калкыбыздын коопсуздугу үчүн жогорку жоопкерчиликти түшүнүүңүздөр керек. Бүгүнкү күндө дүйнөдө COVID-19 жаңы штаммынын жайылышына байланыштуу кооптуу абал түзүлүүдө. Коңшу өлкөлөрдө жаңы штаммдар аныкталды. Үч ай ичинде биз медициналык мекемелерди жана адистерди даярдоо боюнча иш жүргүзүп, көптөгөн маанилүү маселелерди иштеп чыктык. Штабдын иши ушул эле ыргакта улантылаарына ишеним билдирем. Жаңы штаммдардын кирүүсүн жана жайылышын эске алуу менен коопсуздуктун жогорку деңгээлин жана медициналык мекемелердин бейтаптардын көбөйүү ыктымалдыгына даярдыгын камсыздоо зарыл. Кол куушуруп отурууга болбойт! Ар-бирибиз жүктөлгөн милдетти аткарууга жоопкерчиликтүү мамиле кылуубуз зарыл. Биздин өлкөдө эч качан «кара июль» күндөрү кайталанбашы керек», - деди Эльвира Сурабалдиева жана кеңешме катышуучуларынын ишине ийгилик каалады.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча өткөрүү пункттарында жана аэропорттордо күчөтүлгөн коопсуздук режимин сактоо боюнча тапшырмалар берилди.

Саламаттык сактоо министрлигине жана Финансы министрлигине калкты коронавирустук инфекциядан вакцинациялоо боюнча маселени иштеп чыгууну тездетүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий