• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сурабалдиева «Семетей» госпиталынын бейтаптарды кабыл алууга даярдыгы менен таанышып чыкты

Өкмөт 0

Бишкек, 07.11.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева «Семетей» (мурдагы «Ганси» авиабазасы) госпиталынын COVID-19 коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптарды кабыл алуусуна карай даярдыгы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Таанышып чыгуунун жыйынтыгы боюнча белгиленгендей, госпиталь коронавирустук инфекцияга чалдыккан бейтаптарды кабыл алууга толугу менен даяр. Госпиталь COVID-19 илдетине чалдыккан жарандарды 2020-жылдын 20-ноябрында кабыл ала баштай тургандыгы күтүлүүдө.

Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал начарлаган учурда госпиталь 2 күн аралыгында оорулууларды ыкчам кабыл алуу үчүн даярдыкка келтирилет.

Мындан мурда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан № 1160-блок реанимациялык блокко кайрадан түзүлүп чыккан, анда дубалдар демонтаждалып, акталган, канализациялык тутум, электр өткөргүчтөрү монтаждалып, реанимациялык блокко кире беришиндеги блоктордо жана тамбурда флакондор коюлган. Мындан тышкары, кабыл алуу блогу даярдалып, кир жуучу жай жана лабораториялардын ишке киргизилиши жыйынтыкталууда. Имаратта жылуулукту камсыздоо үчүн электроконвекторлор алынып, орнотулган. Реанимациялык блокто 35 орун жана дарылоо блогунда 215 орун орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий