• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сурабалдиева: Жаңы мыйзамдар менен парламент да уят болгонун моюнга алуу керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева жаңы мыйзамдар менен бир эле эксперттер менен өкмөт эмес, парламент да уят болгонун моюнга алуу керектигин билдирди.

Эл өкүлү парламенттин жыйынында ал каталарды моюндоого чакырып, өкмөттүн өкүлдөрүнөн эми эмне кылуу керектигин сурады.

"Азыр эң башкысы жаңы мыйзамдардан карапайым жарандар жабыр тартпашы керек", - деп билдирди Сурабалдиева.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жаңы Кодекстерде чын эле ката бар экенин жана ага байланыштуу маселени чечүү үчүн жумушчу топ түзүлгөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда жаңы Кылмыш кодекси жана Бузуулар жөнүндө кодекс күчүнө кирген.

Пикир

Оставить комментарий