• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Сурабалдиева жеке медициналык мекемелердин COVID-19 илдетин дарылоо алкагындагы ишин талдоого алууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева жеке медициналык мекемелердин COVID-19 илдетин дарылоо алкагындагы ишин талдоого алууну тапшырды.Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева COVID-19 илдетинен жабыркаган бейтаптарды дарылоо менен алектенген жеке медициналык мекемелердин ишин талдоого алууну тапшырды. Тийиштүү тапшырма Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине берилди.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Жалал-Абад облусундагы жеке ооруканалардын биринде дарылануу жыйынтыгы боюнча мамлекеттик ооруканага которулган 9 адамдын 8и каза болгондугу, абалды көзөмөлгө алып жана талдоого алуу зарылдыгынан кабар берет.

Ал Саламаттык сактоо министрлигин жеке медициналык мекемелери жетишсиз деңгээлде көзөмөлдөнбөй жаткандыгы үчүн сынга алды.

«Бизге аймактардагы жеке клиникалар COVID-19 дарылоо алкагында медициналык көмөк көрсөтүү боюнча кандай иш жүргүзүп жаткандыгы тууралуу отчет берилди. Бирок аймактардагы чыныгы абал мындан кескин айырмаланып турат. Жарандарды дарылоодогу ыкмаларды жана расмий протоколдорду көзөмөлдөө болбой жатат. Жалал-Абад облусундагы окуя кайталанбашы керек. Саламаттык сактоо министрлиги абалды көзөмөлгө алуусу тийиш. Медициналык борборлор жана клиникалар кантип лицензияга ээ болушат, алардын ишин ким көзөмөлдөйт, алар тарабынан көрсөтүлүп жаткан медициналык тейлөөлөр канчалык деңгээлде бекитилген талаптарга жооп берет деген суроолор пайда болот. Ошондуктан жеке медициналык мекемелердин ишин каралган функция жана милдеттеринин алкагында тийиштүү мониторингдөө жана баалоо жүргүзүү зарыл. Бул маселеде шалаакылык жана көзөмөлсүздүккө жол берилбеши керек, мындан жарандарыбыздын ден-соолугу жана өмүрү көз каранды», - деди Эльвира Сурабалдиева.

Саламаттык сактоо министрлигине Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы министрликтин координаторлоруна ишинде кетирген кемчиликтери үчүн дисциплинардык жоопкерчилиги жөнүндө маселени кароо тапшырмасы берилди.

Ал ошондой эле жеке жана мамлекеттик ооруканалардын ишиндеги кемчилиги боюнча териштирүү учурунда жоопкерчилик катардагы дарыгерлерге эмес, аталган медициналык мекемелердин жетекчилерине жүктөлөөрүн баса белгиледи.

«Катардагы дарыгерлердин бирин дагы капалантпайбыз. Дарыгерлер эмгек акынын аздыгына жана жумуштун көптүгүнө карабастан, талыкпай эмгектенип келе жатышат», - деп белгиледи вице-премьер-министр.

Мындан тышкары башкы санитардык дарыгердин, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын статусун жана ыйгарым укуктарын жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасы берилди.

Ыкчам штабдын отурумунун жүрүшүндө темир жол транспортунун ички каттамын калыбына келтирүү маселелери талкууланды. Тармактык органдарга санитардык нормалардын сакталышын эске алуу менен маселени иштеп чыгуу милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий