• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Суракматов Бишкектин көчөлөрүн кеңейтүүдө бак-дарактарды болушунча сактап калууну убадалады

Коом 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын Орджоникидзе көчөсүн кеңейтүү долбоору аягына чейин бекителе элек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине борбор калаанын мэри Азиз Суракматов кабарлады.

Ал белгилегендей, учурда шаардын көчөлөрүн кеңейтүүдө жана оңдоодо экинчи фазасы боюнча иштер жүрүүдө.

“Азыр долбоордук иштер жүрүүдө. Биз бул тилкелерде бак-дарактарды болушунча сактап калууга аракет жасайбыз. Долбоор толугу менен бекитиле элек. Учурда жумушчу топ иш алып барууда”, - дейт калаа башчысы.

Суракматов кабарлагандай, Бишкектин көчөлөрүн кеңейтүү керек. Баардыгы болуп долбоордо 60 көчө бар.

Эске сала кетсек, “Биздин укук” КФ (Наше право) башчысы Калича Өмүралиева ЖМК өкүлдөрүнө Бишкектин Орджоникидзе көчөсүндө 310го жакын бак кыйылаары тууралуу билдирген.

Пикир

Оставить комментарий