• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Суракматов: Бишкекти жакшыртуу үчүн баарын жасайбыз

Коом 0

Бишкек, 08.08.18. /Кабар/. “Бишкек шаарын жакшыртуу үчүн баарын жасайбыз”, - деди Азиз Суракматов шайлоодон кийин.

“Мен бардык жоопкерчиликти түшүнүп турам. Сиздердин ишеничиңиздерди акташ үчүн баарын жасайбыз. Шаар мындан таза жана жакшы, экономикалык жактан өнүккөн болушу үчүн баарын жасайбыз”, - деди ал.

Суракматов буга чейин башталган иштер улантыларын белгиледи.

“Биз аларды улантабыз, жакшыртабыз деп үмүттөнөм. Президент 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаганына байланыштуу менин оюмча Бишкек негизги регион катары өз алдынча өнүгүшү керек. Экономиканы өнүктүрүп, бюджеттин кирешесин көбөйтүү керек”, - деди ал.

Ал шаарды жашылдандыруу, жарыктандыруу, инсфраструктура менен байланышкан курч маселелер милдеттүү түрдө чечилиши керектигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий