• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Суракматов: Калктуу конуштарда абал кооптуу бойдон калууда

Коом 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Калктуу конуштарда абал кооптуу бойдон калууда., - деп баса белгиледи Бишкек шаарынын мэрия Азиз Суракматов өкмөт үйүндө өткөн брифингде.

Анын айтуусуна караганда, Бишкектеги коронавирус илдетин жуктурган 183 адамдын 43ү калаадагы 14 калктуу конуштун өкүлдөрү. 143 адам шаардык дарек боюнча жашайт, ал эми 38 адамдын каттосу башка шаарларда.

Турак жай конуштардын тизмеси жана оору жуккан адамдардын саны:

▪️Арча Бешик – 16
▪️Ак-Өргө – 3
▪️Көлмө – 7
▪️Ак Босого – 6
▪️Керамический – 2
▪️Ак-Ордо – 1
▪️Ынтымак – 1
▪️Кара Жыгач – 1
▪️Алтын Ордо – 1
▪️Көк Жар – 1
▪️Касым – 1
▪️Мурас Ордо – 1
▪️Тынчтык – 1
▪️Учкун – 1.

Пикир

Оставить комментарий