• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Суралгандардын 71%ы салык жол-жоболорун фискалдаштыруу мамлекеттин экономикасы үчүн пайдалуу деп эсептейт

Коом 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын декабрь айынан тартып 2021-жылдын январына чейин «СМАРТ Салым» салык-жолболорун фискалдаштыруу долбоорунун алкагында 1 100 кишинин катышуусунда анонимдүү онлайн сурамжылоо жүргүздү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сурамжылоонун негизинде салык төлөөчүлөрдүн ишке ашырылып жаткан салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорлорунан канчалык кабардар экенин жана кандай бааларын аныктоого, ошондой эле салык органдарынын долбоорлорун жана кызмат көрсөтүүлөрүн өркүндөтүү боюнча сунуштарын алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Анонимдүү онлайн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, катышкандардын 82,3 пайызы өз ишмердүүлүгүндө салык төлөмдөрүнө ар дайым туш болоору белгилүү болду, 10,4 пайызы – сейрек туш болот, 2,1 пайызы салык төлөбөйт, 5,2 пайызы бул маселелерди жумуш берүүчү чечет деп жооп беришкен.

Анонимдүү сурамжылоого катышкандардын 51,1 пайызы салык органдарынын ишин канааттандырарлык десе, 6,2 пайызы – “эң жакшы”, 24,1 пайызы – “жакшы”, калгандары – канааттандырарлык эмес деген бааларын беришти.

Катышуучулардын 47,6 пайызы салык мыйзамдарын жакшы билет, 43,4 пайызы билет, бирок көбүрөөк маалымат алгысы келет, ал эми 9 пайызы начар билет.

Анонимдүү сурамжылоого катышкандардын 81,6 пайызы ишке кирген жана ишке ашырылуудагы салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорлору жөнүндө билет, бирок анын ичинен 36,9 пайызынын көбүрөөк маалымат алгысы келет.

Респонденттердин жарымынан көбүнүн же 50,6 пайызынын Кыргыз Республикасында салык жол-жоболорун фискалдаштырууну жүзөгө ашырууга оң баа беришкени белгилүү болду, 36,4 пайызы жаңы киргизилген долбоорлор менен тааныш эместигине байланыштуу, жооп бере албайбыз деп белгилешти, ал эми 13,1 пайызы терс баа беришкен.

Мындан тышкары, анонимдүү онлайн сурамжылоого катышкандардын 71,8%ы фискалдаштырууну ишке ашыруу салык системасынын ишин жакшыртып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет деп эсептейт. Калгандары башка көйгөйлөр жана чечүү жолдору бар деп жооп беришти.

Ошондой эле анонимдүү онлайн сурамжылоого катышкандардын 25 пайызы салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун компонеттерин өркүндөтүүгө карата сунуштарын берүүгө даяр, 10,6 пайызы буга чейин берген, ал эми 43,1 пайызынын сунушу жок.

Онлайн сурамжылоонун катышуучуларынын 78,9 пайызы салыктык кызматтарды Salyk.kg “жеке кабинети” аркылуу колдоноору белгилүү болду, алардын ичинен 66,1 пайызы дайыма, 12,8 пайызы сейрек колдонот. Дагы 14,9 пайызы бул кызматты колдонбойт, ал эми 6,2 пайызы бул функцияны кантип кошууну өздөштүргөн эмес.

Пикир

Оставить комментарий