• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сурамжылоого катышкандардын 35%ы добуш сатып алуу боюнча уккандыгын билдирген - "Жалпы иш" КФ

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 28.09.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Добуш сатып алуу жана администрациялык ресурсту колдонуу боюнча жарандардын угуп-укпагандыгы тууралуу сурамжылоо өткөрүлгөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Жалпы иш" коомдук фондунун башкармалыгынын төрайымы Аида Суйундуева билдирди.

Анын айтымында, сурамжылоонун жыйынтыгында ар бир үчүнчү жаран партиялар тарабынан администрациялык ресурсту колдонуу боюнча уккандыгын билдирген.

"Ал эми 35 пайызы добуш сатып алуу боюнча уккандыгын айткан", - дейт ал.

Суйундуева кошумчалагандай, Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы маалыматтары боюнча №2 формасы боюнча берилген арыздардын саны 496 миң 239ду түзөт.

"Мурунку шайлоолорго салыштырмалуу №2 формасы боюнча арыздын саны кыйла көбөйдү. Бүгүнкү күндө берилген арыздардын жалпы саны шайлоочулардын жалпы санынын 14 пайызын түзөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий