• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Сураныч, тийбегиле! Улуттук тарых музейиндеги ката оңдолот

Коом 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Улуттук тарых музейинин коноктору үчүн даярдалган маалыматтык столунда кыргыз тилинде жазылган сөздө ката кетирилген.

Соцтармакта тараган сүрөттө орус тилинде “Пожалуйста, коснитесь” деп, англис тилинде дагы мааниси ошондой берилген. Ал эми мамлекеттик тилде тескерисинче, тийбегиле деп жазылган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, мультимедиялык станция тесттик режимде иштейт жана мүчүлүштүк жакында оңдолот.

Пикир

Оставить комментарий