• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“115 сурап-билүү” кызматынын кызматкерлери абакта отурган балага энесин табууга жардам беришти

Коом 0

Бишкек, 02.11.18 /Кабар/. “115 сурап-билүү” кызматына Вознесеновка айылындагы тарбиялоо колониясында кармалган Эркин аттуу (аты өзгөртүлгөн) бала кайрылып, апасын табууда жардам сураган. Бул тууралуу КР Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлайт.

Бала апасынын уюлдук телефону 2-3 айдан бери өчүк экендигин айтып жардам сураган.

Чалууну кабыл алган кызматкер аталган кайрылуу тууралуу Акыйкатчыга кабарлаган. Акыйкатчы ошол замат айыл өкмөтүнө жана милицияга тиешелүү кайрылуу жиберген.

Жыйынтыгында Эркиндин апасы табылып, баласы менен баарлашкан.

Пикир

Оставить комментарий