• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сурдлимпиаданын жеңүүчүлөрүнө турак жай сатып алуу үчүн 30% жеңилдик берилет

Өкмөт 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Бразилиядагы Сурдолимпиадалык XXIV жайкы оюндарда катышкан кыргыз спортчулары менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, өлкөнүн тарыхында биринчи жолу Сурдолимпиада оюндарында мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар чоң ийгиликке жетишти.

Белгилесек, биздин курама командага 15 спортчу, 6 машыктыруучу, 1 калыс жана 1 спорт дарыгери кирген. Жалпысынан ата мекендик спортчулар 6 медаль утуп алган, анын ичинен 2 күмүш жана 4 коло медалга ээ болушту.

Арзыбек Кожошев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан эл аралык мелдештерде өлкөнүн желегин бийик көтөрүп жүргөн спортчуларды даярдоодо жасаган зор эмгеги үчүн машыктыруучуларга ыраазычылык билдирди. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары ошондой эле курулуш компанияларынын биринин жетекчисине өлкөдөгү спортту колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сиздерге кыргыз спортун даңазалоодо жана спорт аркылуу дүйнөлүк аренада өлкөнүн аброюн көтөрүүдө зор эмгегиңиздер үчүн жеке өзүмдүн жана жалпы кыргыз элинин атынан терең ыраазычылык билдирем. Алгач ирет мамлекет менен бизнес ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчуларга колдоо көрсөтүү максатында бирикти», - деди Арзыбек Кожошев.

Ал белгилегендей, «Кут» курулуш компаниясы тарабынан Сурдолимпиаданын жеңүүчүлөрүнө турак жай сатып алуу үчүн 30% жеңилдик берүү чечими кабыл алынган, ошондой эле бир батир бөлүнүп берилип, аны сатуудан түшкөн каражат спортчулардын ортосунда бөлүштүрүлөт жана ал турак жай сатып алуу үчүн кошумча төлөм каражатын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий