• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сурдокотормо кызматтарын көрсөтүү жана акы төлөө тартиби кабыл алынды

Коом 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. КР өкмөтүнүн токтому менен сурдокотормо кызматтарын көрсөтүү жана сурдокотормо кызматтарына акы төлөө тартиби кабыл алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.

Маалыматка ылайык, аталган тартип менен сурдокотормо кызматтарынын керектөөчүлөрүнүн реестринде катталган угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бир календардык жылда 40 саат өлчөмүндө мамлекет кепилдеген сурдокотормо кызматтарын алууга укуктуу экендигин аныктайт. Сурдокотормо кызматтарынын керектөөчүлөрүнүн реестри эмгек жана социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт жана жүргүзүлөт.

Угуу жана сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын мамлекет кепилдеген сурдокотормо кызматтарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык интеграциясынын деңгээлин жогорулатат.

Сурдокотормо кызматтары "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" КР Мыйзамына жана башка мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларына ылайык өткөрүлгөн тендердин негизинде тандалган кызмат көрсөтүүчү (лөр) тарабынан көрсөтүлөт.

Бул жаңы адистерди даярдоону көбөйтөт жана квалификациялуу адистерди ушул тармакка кайтып келүүсүн, ошону менен сурдокотормочулар сыяктуу кескин адистештирилген топтун иш менен камсыз болушун камсыз кылат. Сурдокотормо кызматтары жеткирүүчүлөр тарабынан алыстан же сурдокотормо адисинин иш сапары менен жеринде көрсөтүлүшү мүмкүн.

Сурдокоторуу менен төмөнкү кызмат керектөөчүлөр камсыз кылынат:

- саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелеринде (орто жана жогорку билим алуучулардан башкасы);

- тергөө аракеттерин жүргүзүүдө же жарандык, администрациялык жана жазыктык иштер боюнча сот процесстерине катышууда;

- документтерди же бүтүмдөрдү нотариаттык тариздөөдө;

- машина айдоо көндүмдөрүнө же компьютердик сабаттуулукка окутууда;

- мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө;

- социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жана социалдык коргоо органдарына келгенде.

Республика боюнча 5500 ашык угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар бар, анын ичинде: 4127 угуусу боюнча ДМЧА КОС жана КОГ каттоосунда турат, андан: чоңдор – 3610 адам, балдар -517.

Пикир

Оставить комментарий