• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сургут мунай техникуму кыргызстандык абитуриенттерге окуу жайга тапшырууну сунуштайт

Билим 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Сургут мунай техникуму кыргызстандык абитуриенттерге окуу жайга тапшырууну сунуштайт. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сургут мунай техникуму («Югор мамлекеттик университети» федералдык мамлекеттик бюджеттик жогорку билим берүү мекемесинин филиалы) Кыргыз Республикасынын абитуриенттерине төмөндөгү даярдоо багыттары боюнча такай окуу жана сырттан окуу формасына тапшырууну сунуштайт:

- Монтаж, технологиялык тейлөө жана өнөр жай жабдуусун оңдоо (тармактар боюнча);

- Мунай кудуктарын (скважина) бургулоо;

- Мунайды жана газды кайра иштетүү;

- Мунай жана газ кендерин иштеп чыгуу жана эксплуатациялоо;

- Химиялык бирикмелерди аналитикалык контролдоо технологиясы;

- Автомобилдердин кыймылдаткычтарын, системаларын жана агрегатын техникалык тейлөө жана оңдоо.

Кабыл алуу өнөктүгүн өткөрүү мөөнөттөрү:

  • такай окуу формасы боюнча 2021-жылдын 18-июнунан 15-августуна чейин;
  • сырттан окуу формасы боюнча 2021-жылдын 19-июлунан 25-августуна чейин.

Толугураак маалыматты snt.priem@udrasu.ru электрондук дареги же + 7 (3462) 45-76-11/45-76-17/45-76-09 номерлери аркылуу университетке түз кайрылып алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий