• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сургутта Россияга кириш үчүн аты-жөнүн өзгөрткөн кыргыз жаранына сот өкүмү чыкты

Коом 0

Бишкек, 26.08.19. /Кабар/. Сургут шаардык соту Кыргызстандан барган жаранды Россиянын чек арасынан мыйзамсыз өтүү боюнча күнөлүү деп таап, 7 айга камоо чечимин чыгарган.

Югранын прокуратурасынын сайтында айтылгандай, 2015-жылы административдик мыйзам бузуусу үчүн КРнын жаранына Россиянын аймагына кирүүгө (беш жылга) тыюу салынган. Бирок, ал 2016-жылдын декабрь айында аты-жөнүн өзгөртүп, Россиянын чек арасынан өткөн. Бирок жыйынтыгында ал кармалган.

Эми ал 7 ай жатак колониясында кармалат.

Жаза мөөнөтү аяктагандан кийин ал өлкөдөн чыгарылат.

Пикир

Оставить комментарий