• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сургутта жол кырсыгынан кыргызстандык жаш жубайлар каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Сургутта жол кырсыгынан кыргызстандык жаш жубайлар каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылаййык, 2021-жылдын 23-октябрында Ханты-Мансийск автономдук округунун Югра шаарынын Когалым менен Ноябрьск шаарларынын ортосундагы унаа жолунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктан Кыргыз Республикасынын жарандары (жубайлар) 1999-жылы туулган А.А.М. жана 2002-жылы туулган А.К.А. каза болгон. Автоунааны 1999-жылы туулган А.А.М. аттуу Кыргызстандын жараны башкарып бара жаткан.

"Ушул жылдын 24-октябрында саат 09:00дө Россиядагы элчиликтин кеңсесинде А.К.А.нын бир тууганы А.А.З. менен жолугушуу өткөрүлдү, каза болгон жарандын сөөгүн мекенине алып келүү боюнча чыгымдарды жабуу үчүн бир жолку төлөмдү алуу тартиби түшүндүрүлдү. Когалым жана Ноябрьск шаарларынын диаспоралык уюмдарынын өкүлдөрү кошулуп, А.А.З.га активдүү жардам көрсөтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-октябрда, Россиядагы кыргыз элчилигинин өкүлдөрү Россия ИИМинин Ханты-Мансийск автономдуу округу-Югранын Сургут району боюнча тергөө бөлүмү менен байланышкан.

Белгилүү болгондой, каза болгон 22 жаштагы КР жаранынын унаа башкарууга уруксат кагазы болгон эмес, учурда тергөө органдары окуянын чоо-жайын тактоо иштерин улантууда.

"Буга карабастан элчиликтин кеңсеси Россиянын Ички иштер министрлигинин Сургут облусу боюнча тергөө башкармалыгынын биринчи орун басары Р.И.А. Тергөө башкармалыгы кырсыктан каза болгондордун сөөгүн мекенине алып кетүүгө тиешелүү бардык уруксаттарды берет. Мындан тышкары, каза болгондордун сөөгүн элчиликтин кеңсеси Кыргыз Республикасына тез арада жөнөтүү үчүн кошумча каттамдарды иштеп чыгууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий