• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Сургуттагы кичинекей кыргызстандыктардын өлүмү. Апасына кылмыш иши козголду

Кырсык 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Сургуттагы өрттө каза болгон балдардын апасына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу СургутинформТВ порталы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, окуя 11-мартта дача үйүндө болгон. 8 жаштагы кыз жана 5 жаштагы бала үйдө чоңдордүн кроосусуз калган. Апасы жумушка, ал эми чоң апасы бир нече күн мурда курбусунун үйүнө кеткен.

Журналисттерге белгилүү болгондой, үйдө эки жылыткыч коюлган. Кыязы, өрттүн келип чыгышына электр зымдарынын чыңалуусунан келип чыккан кыска туташуу себеп болушу мүмкүн. Балдар күйүп жаткан үйдөн чыгууга аракет кылышкан, өрт каптап жаткан учурда апасына чалышкан. Бирок, сырткы эшик кулпулангандыктан алар тышка чыга алышкан эмес.

Эми каза болгон балдардын апасына карата “Эки же андан көп балдарга этиятсыздыктын натыйжасында өлүмгө алып келүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө аны камакка алууну талап кылат.

Порталдын маалыматы боюнча, балдардын атасы Кыргызстанда мекенинде болгон, ал административдик укук бузгандыгы үчүн депортация кылынган. Шейшембиде балдардын сөөгүн мекенине кайтаруу пландалууда, алар КРда жерге берилет.

Пикир

Оставить комментарий