• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сутденттер арасында «Конституциялык сот адилеттиги адам укуктарын жана эркиндигин коргоонун каражаты катары» темасында сынак жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 16-март /Кабар/. КРда сот тутумун бекемдөө боюнча ЮСАИД жана IDLO программаларынын техникалык колдоосу менен Конституциялык палата студенттер арасында “Конституциялык сот адилеттиги адам укуктарын жана эркиндигин коргоонун каражаты катары” темасында сынак жарыялайт.

Конституциялык палатадан билдиргендей, сынак КРнын Конституция күнүнө арналат жана адамдардын жана жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоо ишинде конституциялык сот адилеттигинин ролун жана маанисин ачып берген мыкты эссе жана видеороликтерди аныктоо максатында өткөрүлүүдө.

Сынакка республикадагы бардык ЖОЖдордун студенттери катыша алат.

Жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышат.

Сынактык материалдарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү 2017-жыл 21-апрель.

Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу үстүбүздөгү жылы май айынын башында Конституциялык палатада ачык эшик күнүндө болот.

Сынак тууралуу толугураак маалыматты Конституциялык палатанын расмий www.constpalata.kg сайтынан билүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий