• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде 13 медкызматкер коронавируска кабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 13 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 4, Ош облусунда 2, Ош шаарында бир, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 4 медик ооруп калды.

"Ал эми бир суткада ооруканалардан 5 медкызматкер жана үй карантининен 17 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 227 учур катталды, алардын ичинен 2 918 медкызматкер айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 25-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан 175 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 45 миң 932ни түзөт. Алардын ичинен 42 миң 147 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий