• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде 2 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 2 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунда 2 медик илдетке кабылды.

"Ал эми бир суткада ооруканалардан 2 медкызматкер жана үй карантининен 9 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 174 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 710 медкызматкер айыгып чыкты", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 15-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган учурлардын саны 44 миң 999ду түзөт. Алардын ичинен 41 миң 103 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий