• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сутка ичинде 20 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 20 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте бир, Ош шаарында 4, Ош облусунда 5, Баткен облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 4 медик ооруп калды.

"Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 13 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3508 учур катталды, алардын ичинен 3128 медкызматкер айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 16-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 431 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 51 миң 20ны түзөт. Алардын ичинен 45 миң 288 киши айыгып чыкты, 1 миң 103 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий