• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сутка ичинде 470 адам коронавирус жуктурса, 221и айыкты. Статистика

COVID - 19 0

Бишкек, 17.10.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 470 адам коронавирус жуктурса, 221и айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 98, Ошто 38, Чүй облусунда 32, Ош облусунда 97, Талас облусунда 7, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 17, Жалал-Абад облусунда 98, Баткен облусунда 82 адам илдетке кабылды.

Ал эми илдеттен Бишкекте 36, Ош шаарында 6, Чүй облусунда 23, Ош облусунда 63, Талас облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 20, Жалал-Абад облусунда 40, Баткен облусунда 30 киши айыкты.

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 45 миң 509 адам айыгып, 51 миң 490у ооруга кабылды.

Республика боюнча стационарларда 2353 бейтап, амбулатордук түрдө 2049 жаран дарыланууда.

COVID-19 илдетинен жана пневмониядан бир күн ичинде 5 адам каза тапты. Алар Ош облусунда 3, Нарын облусунда 1, Бишкекте 1 адам көз жумду. Жалпы 1108 киши өпкөнү сезгенткен оорудан кайтыш болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 21 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бишкек шаарында 5, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 6, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 3 медик ооруга кабылды. Ал эми бир суткада стационардан 6, үй карантининен 11 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3529 учур катталды, алардын ичинен 3145 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий