• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сутка ичинде 482 адам коронавирус жуктурса, 127си айыкты. Статистика

COVID - 19 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Сутка ичинде 482 адам коронавирус жуктурса, 127си айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте - 73, Ош шаарында - 54, Чүй облусунда - 14, Ош облусунда - 93, Талас облусунда - 7, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 8, Жалал-Абад облусунда - 125, Баткен облусунда - 107 адам илдетке кабылды.

Ал эми акыркы бир күндө Бишкекте - 40, Ош шаарында - 10, Чүй облусунда - 6, Ош облусунда - 41, Нарын облусунда - 2, Талас облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 14, Баткен облусунда - 11 адам айыкты.

Кыргызстанда коронавирусту жалпы 52 миң 526 адам жуктурса, 45 миң 863ү айыкты.

19-октябрга карата COVID-19 илдетинен каза болгондордун жалпы саны 1 миң 111 адамды түздү.

Өлкө аймагындагы стационарларда 2 миң 550, амбулатордук түрдө 2 миң 518 адам дарыланууда.

Сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бишкекте 2, Чүй облусунда 2, Баткен облусунда 6 медик коронавируска кабылды.

Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 7 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 544 учур катталды, алардын ичинен 3 166 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий