• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сутка ичинде Бишкек шаарында 2500 чарчы метр аймак жана 53 миң погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-май күнү Бишкек шаарынын аймагында 2500 чарчы метр имараттын сырты жана 53 миң погондук метр унаа жолдор залалсыздандырылган. Жалпы 181,5 кг хлор колдонулган.

«Дезинфекциялоо иштери коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде, жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак, азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий