• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен тогуз кыргызстандык кайтыш болду

COVID - 19 0

Бишкек, 08.08.20. /Кабар/. Бир күн ичинде Кыргызстанда коронавирустан дагы тогуз киши (пневмонияны эсепке алганда) каза болду. Бул тууралуу онлайн брифингде Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 4, Ысык-Көл облусунда - 1, Ош облусунда - 1, Баткен облусунда - 2 жана Нарын облусунда бир адам коронавирустан кайтыш болду.

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 460 киши каза болду.

Кыргызстанда 8-августка карата коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан 425 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 39 миң 587ни түзөт. Алардын ичинен 31 миң 281 киши айыгып чыкты, 1 миң 460 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий