• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде ӨКМ тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 02.08.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сутка ичинде аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, кечээ, 1-август күнү министрлик тарабынан өлкө боюнча 22 400 погондук метр унаа жолдор, 22 850 чарчы метр имараттар дезинфекцияланган. Жалпы КР ӨКМ тарабынан 6750 адамга ысык тамак-аш берилген.

Ошондой эле 112 кызматына өткөн сутка ичинде жалпы 5215 чалуу катталып, анын ичинен 95 коронавирус боюнча чалуу түшкөн.

Өлкөдө уюштурулган постторго, дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу, госпиталда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү), гумжардамды жерине жеткирүүгө ӨКМ тарабынан 250 кызматкер жана 25 унаа тартылган.

Пикир

Оставить комментарий