• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 1 миң 294 изилдөө жүргүзүлдү - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 25.05.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 1 миң 294 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 30 жаңы учур катталган.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1433кө жетти. Алардын ичинен 992 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий