Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 1 миң 456 изилдөө жүргүзүлдү – Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 1 миң 456 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 488 жаңы учур катталган.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 11 миң 117ге жетти. Алардын ичинен 3460 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 147 адам (+15 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий