• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 1 миң 571 изилдөө жүргүзүлдү - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 1 миң 571 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, 5-февралдан тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны 59 миң 490ду түзөт. “Келип түшкөн анализдердин бардыгына изилдөө жүргүзүлдү. Сутка ичинде 1 миң 571 анализ текшерилди”, - деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6-майга карата коронавирус жуктурган 28 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 871ге жетти. Алардын ичинен 614 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий