• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 1 миң 6 изилдөө жүргүзүлдү - Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 1 миң 6 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө келип түшкөн анализдердин бардыгы текшерүүдөн өттү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 11-майга карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1016га жетти. Алардын ичинен 688 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий