• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 1 миң 621 изилдөө жүргүзүлдү - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 1 миң 621 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө келип түшкөн анализдердин бардыгы текшерүүдөн өттү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-майга карата коронавирус жуктурган 21 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1037ге жетти. Алардын ичинен 709 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий