• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 1 миң 707 изилдөө жүргүзүлдү – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 1 миң 707 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны 36 миң 173тү түзөт. “Ал эми алардын ичинен жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны 36 миң 81ди түзөт. Сутка ичинде 1 миң 707 изилдөө жүргүзүлгөн”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 22-апрелге карата коронавирус жуктурган 22 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 612ге жетет. Алардын ичинен 254 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 7 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий