• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 1 миң 788 изилдөө жүргүзүлдү – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 1 миң 788 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 35 жаңы учур катталган.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1468ге жетти. Алардын ичинен 1015 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий