• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 121 изилдөө жүргүзүлдү - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 121 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, 5-февралдан тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны 69 миң 333ду түзөт. “Келип түшкөн анализдерди текшерүү боюнча интенсивдүү иштер жүрүүдө. Сутка ичинде 2 миң 121 анализ текшерилди”, - деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-майга карата коронавирус жуктурган 24 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 895ке жетти. Алардын ичинен 637 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий